Мындан эки жыл мурун Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү- өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары кабыл алынып, элетте жер казынасын натыйжалуу пайдалануу, өндүрүш жана кайра иштетүү ишканаларын ачып, жергиликтүү ишкерлерди колдоп, каржы булактарынын көп бөлүгүн аймактарга буруу чечими кабыл алынган. Мындан сырткары социалдык мекемелердин курулушун жандантып, жол салуу, айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригация тутумун жакшыртуу жана ошондой эле инфраструктураны калыбына келтирүү маселелери колго алынган.
Чынында эле Кыргызстанда өнүгө турган мүмкүнчүлүк жогору, ар бир дубандын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Маселен, Нарында эт, сүт багытына союз маалынан эле өзгөчө көңүл бурулган. Ысык-Көлдө болсо туризм тез ыргак менен өнүгүп келе жатат. Мына ушундай эле башка облустардын да потенциалы жогору. Бирок, колдо бар мүмкүнчүлүктү туура пайдалана билүү да өзүнчө бир чоң иш аракетти талап кылат. Өнүгүү процесстерин тездетүү максатында өлкөнү санариптештирүү багытын ишке киргизүү максаты коюлган.
Быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы катары өтүүдө, анын алкагында эң негизги багыт- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү. Жыл соңуна чейин 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондоштурулуп, бул өз кезегинде жарандардын ар кандай маалымкаттарды, документтерди алуусун жеңилдетиши керек. Мамлекеттик органдардан кагаз топтоо деген токтойт. Мындан сырткары “Коопсуз шаар” долбоорунун аймагы кеңейип, жол эрежесин бузгандарга көзөмөлдү өлкөнүн бардык аймактарына орнотуу боюча дымактуу долбоор ишке ашууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков ушул аптада Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барып, эл менен болгон жолугушуусунда мына ушул маселелер боюнча кеңири пикир алмашып, суроолор да көп болду. Өлкөдөгү санариптештирүү процессинин жүрүшү тууралуу кененирээк кийинки материал.