Иш-чаранын негизги максаты - башка мамлекеттер менен туристтик бизнес байланыш түзүү, чет элдик туристтерди тартуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. Маалым болгондой, ачылыш аземдин алкагында Чолпон-Атадагы Ден соолукту чыңдоочу комплексте эл аралык туристтик көргөзмө уюштурулган.
Буга жалпы жүздөн ашык эс алуу жайлары жана кызмат көрсөтүү мекемелери катышып, өзүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сунушташты. Эске салсак, 2018-жылы Кыргызстандын аймагына жети миллионго жакын чет элден туристтер келген. Бул көрсөткүч 2017-жылы беш миллионго жакын болчу дешет адистер. Былтыр Ысык-Көлгө эс алуучулурадын эң көп каттамы Өзбекстандан келген.