Жаңылыктар
Жаңы конуштардын тургундарынын башын спорт бириктирет
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы конуштардын тургундарынын башын спорт бириктирет

Бул тууралуу "Ынтымактуу конуштар лигасы" аталышындагы спартакиаданын жабылыш аземинде катышуучулар бышыктады. 20-апрелден бери Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай жана Ак-Бата конуштарынын жашоочулары спорттун кичи футбол, волейбол, аркан тартыш түрлөрү боюнча күч сынашкан.

Команданын курамын 18 жаштан өйдө курактагы конуш тургундары түзөт. Спорттун ар бир түрү боюнча алдыңкы орунду ээлеген тайпа медаль жана кубок менен сыйланды. Спартакиада ошондой эле, спорт аркылуу гендердик тең укуктуулукту орнотуу максатын көздөйт.