Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 18-майда Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде болгон. "Тойота" жана "Мерседес-Бенс" жеңил машиналары сүзүшүп, "Тойотадагы" беш адам ар кандай жаракат алган.
Аларга куткаруучулар биринчи жардам көрсөтүп, "Тез жардамга" өткөрүп беришти. "Мерседес-Бенцтеги" үч адам жабыркаган эмес.