Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Рахмон өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жигердүү илгерилетүүнүн жана эки боордош элдердин гүлдөп-өсүүсү үчүн достук жана жакынкы кошуналык байланыштарын мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын кыйла актуалдуу темаларын, ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелерин, атап айтканда, 2019-жылы Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитин жана Тажикстандын Президентинин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.