Жумуш сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Балыкчы шаарында пилоттук түрдө ишке киргизилген «Коопсуз шаар» долбоорун көрдү. Анын үлгүсүндө башка шаарларды дагы санариптештирүү зарылчылыгын белгилеп, тиешелүү тапшырмалар берилди. Мындан сырткары өлкө башчысы Балыкчы шаарындагы эки орто мектепке барып, имараттардын абалы жана билим берүүнүн сапаты менен танышты.
Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы мектеп гимназиясы. Акыркы үч-төрт күндөн бери мектептин алдында «Коштошуу вальсы» жаңырып, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү "Акыркы коңгуроого" даярдык көрүшүүдө.