Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын биринчи маалыматтык «Ала-Тоо 24» жана «КТРК СПОРТ» телеканалдары 13-майдан тартып Чүй облусунда HD форматында көрсөтө баштады. Телеканалдар учурга чейин SD (SD - standard definition) стандарт форматында эфирге чыгып, HD форматындай сапаттуулукту камсыздай албай келген. Телеберүүнүн HD (HD - high definition) форматы стандарттык телеберүүдөн айырмаланып берүүлөрдү жогорку сапатта көрсөтөт.
- Стандарттык телеберүүнүн сүрөтүнүн мүмкүнчүлүгү 720×576 пиксель.
- Бардык 1280×720 пикселге чейинки телеберүүнүн сапаттык мүмкүнчүлүктөрү SD форматына тиешелүү.
- HD форматындагы телеберүү үчүн бул мүмкүнчүлүк - 1920×1080 (1080i) пикселди түзөт.
Бул HD форматы жөнөкөй теледен беш эсе тунук, сапаттуу жана реалдуу дегенди түшүндүрөт. Белгилүү болгондой, КТРКнын жаңы 8 камералуу Көчмө телевизиондук станциясы (ПТС) жогорку сапатта HD 16:9 форматында видеолорду тартат.
«Ала-Тоо 24» - Кыргызстандагы биринчи 24 саат бою өлкөнү маалымат менен камсыздоочу негизги телеканал. «Ала-Тоо 24» каналы 2016-жылдын 12-сентябрында өз ишин баштаган. Телеканалдын берүүлөрүнүн негизин маалыматтык, маалыматтык-аналитикалык, маданий-таанып билүүчүлүк программалар түзөт.
«КТРК СПОРТ» - Кыргызстандагы биринчи спорт канал. Канал атайын спорт темасындагы телеберүүлөрдү чагылдырууга жана жайылтууга арналган. Каналдын негизги максаты өлкө аймагындагы спортту өнүктүрүүгө салым кошуу, жарандарды сергек жашоого, спорт менен машыгууга үндөө.
Алдыда “Коомдук биринчи канал”, “Маданият Тарых Тил”, “Музыка” жана “Баластан” телеканалдары этап менен HD форматына өтөт.