Жаңылыктар
Сирияга кеткен кыргыз жарандары өлкөгө кайтууну каалап турат
Кыргызстан жаңылыктары
Сирияга кеткен кыргыз жарандары өлкөгө кайтууну каалап турат

Сириядагы согуштук аракеттерге катыштыгы бар делген кыргызстандыктар мекенге кайтуу ниетинде. Учурда алар Түркия менен Сириянын чек арасындагы лагерлерде кармалып тургандыгын алардын жакындары маалымат жыйында билдирип чыгышты. Ар кандай  азгырыкка  алдангандардын үй-бүлөсү ал жакта зордук-зомбулукка кабылып жаткан айрыкча аялдар менен балдарды алып келүү керек деп эсептешет. Согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги кыргызстандыктарды кайтарууга даярбызбы? Бул тууралуу “Сереп”  уктуруусунан уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"