Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага 16-майда баш коргоо чарасы тандалып, 2 айга СИЗО-1 камакка алынды.
Динара Сагинбаева «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулуп, чет өлкөгө чыкканына байланыштуу кылмыш иштин алкагында суракка чакырылып, камакка алынган.
Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы кеңешчиси кармалган. Алар коррупцияга, документтерди жасоо иштерине катышууга жана кызматтык жасалмалуулукка айыпталууда. Кылмыш иш боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.