24-30-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында эл аралык "Жаш Булак-2019" жаштар форум-лагери өтөт. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Билдирмеге ылайык, форум-лагерь жаштардын кесипкөйлүгүн, талантын жана мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну көздөйт.
"Жаштар лагеринин алкагында локалдык илимий жана билим берүүчү тренингдер, окутуу сабактары, ошондой эле таанымал инсандар менен жолугушуулар, билим берүүчү долбоорлордун жана курстардын презентациялары болот", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бул жылы форум-лагерге Өзбекстандан жана Россиядан катышуучулар чакырылганы айтылат.
Лагерге 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иш алып барган адистери катыша алат. Кабыл алуу башталды. Иш-чара тууралуу спорт агенттигинин Facebook баракчасынан кенен таанышууга болот.