Жаңылыктар
«Air Arabia» авиакомпаниясы Шаржа шаарынан Бишкекке туруктуу түз каттамын ачат
Кыргызстан жаңылыктары
«Air Arabia» авиакомпаниясы Шаржа шаарынан Бишкекке туруктуу түз каттамын ачат

«Air Arabia» авиакомпаниясы 4-июлда Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынан Бишкекке туруктуу түз каттам жүргүзө баштайт. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, каттам жумасына төрт жолу болот.

Шаржа - Бишкек каттамы өкмөттүн 2013-2023-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда. 

Кыргызстандан ушул тапта Орусиянын бир канча шаарына, Түркиянын Стамбул, Анталия шаарларына, Өзбекстандын, Казакстандын борборлоруна жана Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына түз каттамдар бар.