Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган “Сабаттуу бол” акциясы Ошто да старт алды. Республикалык деңгээлдеги өнөктүккө аймактагы мамлекеттик, муниципалдык, укук коргоо кызматтарынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жогорку, орто окуу жайлардын мугалимдери катышууда.
Кыргыз тилинде жат жазуу жазган ыктыярдуу катышуучулардын сабаттуулугун 12 кишиден турган комиссия текшерет. Акция 23-майга чейин уланат. Республика боюнча жыйынтыгы 27-майда чыгат.
Жеңүүчүлөргө атайын байгелүү сыйлыктар каралган. Жат жазууну “мыкты” деген баага жазган мамлекеттик кызматкерлерге артыкчылыктар берилет. Мамлекеттик тилибизге астейдил мамиле жасоого чакыруучу өнөктүк экинчи ирет өтүп жатат.