"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден тартып Бишкек шаарында жол кырсыктарынын саны 3,4 пайызга, каза болгондордун саны 68,8 пайызга кыскарды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Ал эми Чүй облусу боюнча 3,8 пайызга, автокырсыктан көз жумгандардын саны 37 пайызга кыскарды. Жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны эки эсеге, жол кыймылынын эрежесин бузуулардын саны үч эсеге кыскарган - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.
Эске салсак, Бишкек калаасынын 38 көчө кесилишине жана 4 ылдамдык чегине, Чүй облусундагы трассаларга 48 камера, көчүп жүрүүчү программалык 20 аппарат орнотулган. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча Бишкек калаасына жана Чүй обулусунун кайсы жерлерине көзөмөл камералары орнотулгандыгын толугу менен бул жерден тааныша аласыз.