Ар жылы май айынын үчүнчү жекшембисинде белгилене турган “Энелер күнүнүн” алдында, Чаткалдык көп балалуу энелерге жагымдуу белек арналды. Анткени өлкө башчысынын жарлыгы менен "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалдарына ээ болуп жаткан апалардын катарында чаткалдык энелер да бар. Район боюнча 10 “Баатыр эне”, 6 “Эне даңкы" наамы ээсин таап жатат.
43 жаштагы Нуржамал Оморова жолдошу экөө 7 баланын бактылуу ата-энеси. Энелер майрамын утурлай “Баатыр эне” наамына арзып атканы Нуржамал айымды чоң кубанычка бөлөдү. Баатыр эненин тун уулу 26 жашта, кичүү кызы, эркеси 3кө жаңы гана толду.
Баатыр эненин балдары ата-энесинин өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк жардамчылары. Чаткалга жаз салыштырмалуу кеч келгендиктен, картөшкө эгүү иши азыр кызуу жүрүүдө. Короо-жайдагы буга окшогон жумуштар балдарынан артпайт деле. Уул-кыздарынын амандыгын тилеп, эрезеге жеткирип жаткан Нуржамал айым, башкы маскаты - балдарына татыктуу тарбия берүү. Нуржамал Оморова өзү Оштун Өзгөнүнөн. Тагыдыр насип кылып, 18 жашында Жалал-Абаддын Чаткал районуна келин болгон.
Алыскы Чаткал жергесинен “Баатыр эне” наамына ээ болгондордун катарында Айзада Кудайкулова да бар. Чоң эне азыр небере-чөбөрө жытын жыттап, уул-кыздарынын төрүнүн көркү болуп отурган чагы. Дайыма жаштарга кеп-кеңешин аябаган эне, сыйлыктын берилиши майрам алды чоң белек болду дейт.
Айзада Кудайкулова өмүрүн 2 уул 5 кызды тарбиялап өстүрүүгө гана арнабастан, пенсияга чыккыча банк тармагында эмгектенген экен. Азыр да бош отура албайт. Андыктан чакан азык-түлүк жана кийим-кече дүкөнүн иштетет.
Быйыл Чаткал району боюнча 10 эне “Баатыр эне”, ал эми алтоо “Эне даңкы" медалы менен сыйланып отурат. Жалпы болуп райондо 319 “Баатыр эне” орденинин, 64 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Чаткал району Жалал-Абад облусундагы шарты катаал, эң алыскы тоолу аймак. Бери дегенде эле облус борборунан 400 чакырым аралыкта жайгашкан. Бул аймакта жылдын жарамы карга оронгон. Мына ушундай шартта жашап жаткан мекендештирибиздин аракети өзү эле чоң эрдик экени талашсыз. А бирок Жер соорусу Чаткал демекчи, жайдын күнү мындай кооз жерди кезиктирүү кыйын. Асман тиреген тоолору, кооз табияты, анан элинин кенен пейли менен өзгөчө жер.