Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады. Ал өз каалоосу менен арызын берген.
«Кыргызтелекомго» караштуу «КТ Мобайл» ишканасы «Альфа Телеком» менен жарым жыл мурда келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.
Кечээ Жогорку Кеңеште дагы талкууга алынып, бул багытта депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Комиссиянын курамы бүгүн, 16-майда белгилүү болот.