Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Мамлекет башчы иш сапардын алкагында, Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорт комплексине барып, райондун жашоочулары менен жолугушат.
17-майда мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат, шаардын тургундары менен жолугушат, “Акылдуу шаар” жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.