Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык Баткен облусунун Марказ айылында жашаган 41 жаштагы Гүлнара Абдырахманова "Баатыр эне" ордени менен сыйланат. Каарманыбыз өлкө керегине жараган уул-кыздардан болсун деп, ар бир баласынын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурат.
8 баланын энеси Гүлнара Абдырахманова балдарынын өлкө келечеги үчүн салым кошкон, мыкты инсандардан болуусун тилеп, алардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурат.
Ошондой эле, эмгекке тарбиялоо максатында каникул убагында өздөрүнүн чакан жер аянтында чарбачылык кылууга үйрөтөт. Андан түшкөн бир аз каражат балдардын окуу куралдарына, кийим сатып алууга жумшалат.