Жаңылыктар
Жумгал: Дыйкан - Кара - Кече жолу оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгал: Дыйкан - Кара - Кече жолу оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Жумгал районунун Дыйкан—Кара-Кече унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Райондук №24 жол тейлөө мекемесинен билдиришкендей, аталган жолдо 2 автогрейдер, 1 мехпогрузчик, 1 автоамосвал жана 6 жумушчу иштеп жатышат.

«Быйыл ушул эле аймактагы 5 чакырым жолду оңдоодон өткөрүү планда бар. Буюрса күйүүчү майдын тендери ачылса, июнь айы менен башталат. Анда 5 чакырым жолго кум-шагыл аралашмасы төгүлүп, орто оңдоодон өтөт», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.