“Мегаком” компаниясы менен “Кыргызтелекомго” таандык “КТ Мобайл” ишканасынын ортосунда талаш жаралды. Былтыр жыл соңунда эки тараптын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык “Мегаком” 345 миллион сом төлөп берип, “Кыргызтелекомго” таандык ишкананын жыштыктарын пайдаланмак.
Бирок “КТ Мобайл” өз алдынча уюлдук оператор болоорун жарыялангандан кийин талаш пайда болду. “Мегаком” компаниясы келишимдин шарттарында мындай маселе каралган эмес деген жүйөөнү айтып жатат. Ал арада уюлдук оператор болуу ниетин билдирген ишкананын кызматкерлеринин айлык маяналарынын көлөмү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.