Жаңылыктар
Өлкөдө "Балдарга жана жаштарга достош шаар" сынагы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө "Балдарга жана жаштарга достош шаар" сынагы өтөт

Кыргызстанда «Балдарга жана жаштарга достош шаар» сынагы өтөт. Чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Конкурс 2018-2022-жылдарга карата Аймактык саясат концепциясына киргизилген «өсүү чекити» шаарлары арасында өткөрүлөт.

«Балдарга жана жаштарга достош шаар» сынагынын байге фонду 6 млн сомду түзөт. Он шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку балл топтогон 3 шаарга байгелүү орундар ыйгарылат.

1-орун алган шаар 3 млн сом акчалай сыйлык алат. 2 жана 3-орундарды ээлеген шаарларга 2 млн жана 1 млн сомдон берилет.

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"