Жаңылыктар
Ош шаарынын аймагындагы ички жолдор оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Ош шаарынын аймагындагы ички жолдор оңдолууда

Ош шаарынын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүн бириктирген Мамажан көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Шаардын Шейит-Төбө аймагында жайгашкан бул жолго көп жылдар бою көңүл бурулбай, жээктери баш-аламан соода жайына айланып кеткен. Мындан, борбордук базар аркылуу каттаган унаалардын узун кезеги жаралчу. 

Реконструкциялоонунун алкагында, унаа жол мыйзамсыз курулуштардан арылып, арыктар коюлуп, жөө адамдар басуучу жол кеңейтилди. Асфальтталган жолдун узундугу 260 метр, туурасы 7 метр. Курулуш иши жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Быйылкы жылга Ош шаарынын аймагында, 5,5 чакырым жолду асфальттоо мерчемделүүдө.

"Оңдоп жакшы кылышты, бирок соодагерлер кайра эле жолго минтип мыйзамсыз курулуштарын чыгарып алышыптыр, ушуларды биротоло тартипке келтиришсе жакшы болоор эле",- деген пикирин билдирди Ош шаарынын тургуну Марат Самиев.