Жаңылыктар
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 19 камера иштеп баштады
Кыргызстан жаңылыктары
"Коопсуз шаар" долбоорунун  алкагында 19 камера иштеп баштады

"Коопсуз шаар" долбоорунун  алкагында Бишкек  шаарына орнотулган 19 камера иштеп баштады. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар  жана байланыш мамлекеттик комитетинен  билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 13нөн 14-майга караган түнү саат 00:00дө  Элебесов—Аул, Дэн Сяопин—Алыкулов, ДэнСяопин—Садыгалиев, Бөкөнбаев—Жаш гвардия, Фучик—АЗС, Сүйөркулов—Байтик баатыр, Чүй—Шопоков, Сүйөркулов—Юнусалиев, Айтматов—Ахунбаев, Жибек Жолу—Лермонтов, Ауэзов—Чүй, Толстой—Жаш гвардия, Алыкулов—М.Өмүракунов,  Ахунбаев—Тыналиев, Айтматов—А.Масалиев, Токомбаев—7-апрель, Айтматов—Семетей көчөлөрүнүн кесилиштериндеги камералар ишке киргизилди. Долбоордун биринчи этабында 110 аппараттык-программалык комплекс иштейт. 

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"