Ош шаарындагы борбордук базарда талапка жооп бербеген эт сатуучу жайлар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн рейд учурунда белгилүү болду.
Ош шаарынын борбордук базарындагы өрт коопсуздугун алдын алуу, базардагы тартип жана тазалыкты иретке келтирүү масатында өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында ал жердеги эт жана малдын ичеги-карындарын сатуучу жайлар талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган.
Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"