Жаңылыктар
Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек шаарында 13-майдан 15-майга чейин Шанхай Кызматташтык Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Катчыларынын ХIV-жолугушуусу өтүүдө. Бул жолугушуу учурунда Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүндө мезгил-мезгили менен убактылуу чектөөлөр киргизилмекчи.

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аталган иш-чаранын, биздин мамлекет үчүн маанилүү экендигин белгилеп, убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.