Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.
Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64чү беренесинин 10чу бөлүгүнүн 1чи пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1 миң 135 эне "Баатыр эне" ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланат. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.