Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанда туристтик сезон расмий түрдө ачылат. Быйыл ал 18-майга туура келди жана анын алкагында Ысык-Көлдө облусунда эл аралык туристтик көргөзмө өтөт. Көргөзмө-жарманкеде жакынкы жана алыскы мамлекеттердин туристтик агенттиктери, пансионаттары, өздөрүнүн кызматтарын сунуштайт. Андан сырткары, туризм тармагындагы инвесторлор, ишкерлер дагы катышат.
Туризм тармагын өнүктүрүү Кыргызстанда артыкчылыктуу багыттардын бири экени белгилүү. Бул багытта өкмөт 2019-23-жылдарга эсептелген атайын концепцияны да кабыл алган. Анда туризм тармагындагы көйгөйлөрдү чечип, жайкы туристтик сезонго даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар, аларды ишке ашыруунун так мөөнөттөрү жана жоопкерчилик жүктөлгөн жактар аныкталып, каржы маселелерин чечүү да негизги маселелерден болуп көрсөтүлгөн. Чынында өлкөнүн туризм тармагында кызмат көрсөтүү, инфраструктура жана эс алуучулар менен иштөө жаатында аксап келген бир топ көйгөйлөр бар.