Ысык-Көлдө 8-эл аралык "Run the Silk road" марафону башталды. Иш-чарада КРдин Президенттик аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мамлекет башчысынын атынан чыгып сөз сүйлөдү. Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашат. Ага 27 өлкөдөн 3 миңге жакын адам катышууда. Арасында кыргызстандыктардан сырткары Казакстан, Азербайжан, Германия, Кытай, Тажикстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Корея, Япония, АКШ, Австралия, Австрия, Канада, Франция, Индия, Израиль, Италия, Пакистан, Испания, Түркия, Голландия, Улуубритания, Монголия жана Белоруссия өлкөсүнүн жарандары бар.
Мелдештер марафон, жарым марафон жана скандинавиялык жөө басуу боюнча өткөрүлүүдө. Иш-чараны Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңеши, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, ошондой эле өлкөнүн жеңил атлетика боюнча федерациясы биргеликте уюштуруп жатат.
Спорттук иш-чара 22-олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналат. Иш-чарага байланыштуу Балыкчы-Ананьево–Каракол жолунда унаалардын жүрүшүнө 17:30га чейин чектөө коюлду. Жүргүнчүлөр убактылуу Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу менен каттайт.