"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Анда айтылгандай, комитет жол эрежелеринин бузулганын жана видео байкоонун маалыматтарын тез жеткирип турган кызматтарды сатып алууга сынак жарыялады.
Экинчи этаптын алкагында 306 камераны ишке киргизүү каралып жатат. Анын кыркы көчмө камера болсо, калганы унаалар ылдам жүргөн жерлерге жана калк жашаган аймактарга коюлмакчы. Арыздар 27-июнь күнү саат 11:00дө ачылат. Анда сынактын катышуучуларынын иш тажрыйбасы жана техникалык сунуштары каралмакчы. Андан соң кийинки турга өткөн подрядчылар өзүнүн баасын сунуштай баштайт. Белгилей кетсек, үч жылдын ичинде "Коопсуз шаар" долбоорун Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек — Каракол, Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолдорунда ишке ашыруу каралууда. Көзөмөл камералары бир гана жол кесилиштерине эмес, парктарга, эс алуу жайларына да коюлмакчы.