Өлбөс полк” жүрүшүнө чыккан миңдеген адамдын сапары Жеңиш аянтына келип карыды. Түштүк дарбазадан баштап “Өчпөс отко” чейин келген көпчүлүктү чыгармачыл жаштар “Жеңиш вальсын” бийлеп тосуп алышты.
“Жеңиш вальсын” айлана бийлеген жүздөгөн жуп.
Салтка айланган саамалык быйыл да Жеңиш майрамында уюшулуп, майрамга көрк кошту. Согуш жылдарындагы бийди окуучулар, студенттер, чыгармачыл коллективдер жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын жаштар канатынын өкүлдөрү аткарышты.
Жеңиш күнүн аскер боткосу жок элестетүү кыйын. Чатырлар тигилип, адаттагыдай аскер талаасындагы көчмө казандарга толо тамак бышырылган.
Жоокердин тамагы даамдуу болгондуктан тамшанып кезек күткөндөр көп болду.
Ошондой эле эски аянтта согуш жылдарындагы ырлар жаңырып, жеңиш күнүн белгилегендердин жүрөгүн толкутту.