Жаңылыктар
Өлбөс полк - өкүттүн да, өрөпкүткөн сыймыктын да символу!
Кыргызстан жаңылыктары
Өлбөс полк - өкүттүн да, өрөпкүткөн сыймыктын да символу!

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталардын, кайтпай дайынсыз болгон чоң аталардын ошондой эле Жеңишти алып келген бабалардын сүрөттөрүн көтөргөн жоон топ эл, патриоттук ырлардын коштоосунда Жеңиш аянтын көздөй агылышты. 

Алардын арасында кийинчерээк кан майдандын даамын татып калган Афган согушунун ардагерлери да бар.

Барган сайын популярдуулука ээ болуп жаткан жөө жүрүштүн катышуулары жылдан жылга арбын болуп баратат. 

Анан калса жөн гана сүрөт көтөрүп басышпай, аскердик кийимдерди кийип атайын даярданып келгендер да көп. Жанындагы неберелерин дагы атайын форма кийгизип, басып келаткан Владимир Валяев өзү дагы аскер кызматынын ардагери.

Биз баарыбыз атайын ушундай окшош кийинип чыктык. Анткени бул күн - улуу күн. Биз бул күндү унутта калтырбай жогорку деңгээлде өткөрүп туруу керекбиз. Баланы жашынан дегендей, мындай жүрүштөрдү көрүп, катышып жаткан балдарыбыз улуу жеңиштин баркын баасын жон териси менен сезип, алар дагы өз балдарына айтып беришсин, - деди Владимир Валяев.

6-ирээт өтүп жаткан жүрүшкө былтыр 45 000ден ашык адам катышкан болсо, быйыл 80 миңдей адам жүрүшкө чыкканы айтылууда. Бул жолку дагы бир өзгөчөлүк, иш чараны баштан аяк, мэриянын үйлөмө аспаптар оркестри коштоп келди.

Жөө колоннаны тез жардам машинелери, ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр коштоп турду. Ал эми коомдук коопсуздукту камсыздаган Бишкектин милициясы жүрүшкө чыккандардын эки капталдан тең коштоп жүрүштү.

Согуш аяктаган жылдары 9-майда согуш ардагерлери жыл сайын өзүлөрү көкүрөктөрүнө орден медалдарын тагынып, ушинтип парадка чыгып басышчу. Бирок жыл сайын алардын саны суюлуп бараткандагына байланыштуу, эми алардын балдары, неберелери, ата-бабаларыбыздын жасаган эрдигин унутта калтырбоо максатында жөө жүрүшкө чыгып келет.

Катышуучулар 6 жарым чакырым аралыкты болжолдонгон убакыттан да тез басып өтүштү. Алдыңкы катардагылары саат 12 ге жетпей, борбор калаадагы Жеңиш аянтына келип калышты. 

Алдыңкы сап улам кийинки келгендерине жол бошотуп, кезеги менен "Өчпөс отко" келип гүл коюп, таазим кылып жатышты.