Бишкекте 9-Май - Улуу Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына "Өлбөс полк" жүрүшү болду. Жөө жүрүш борбор калаанын Түштүк дарбазасынан башталды. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун он миңдеген жакындары, шаардыктар алардын сүрөттөрүн кармап өтүштү.
Иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" акциясына былтыр да катышкан.
Белгилей кетсек, "Өлбөс полк" акциясы - 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү ири эл аралык акция. Аталган акция биринчи жолу 2012-жылы Орусиянын Томск шаарында өткөн.
Иш-чара Бишкекте алты жылдан бери өтүп келет. Анын катышуучуларынын саны жыл сайын көбөйүүдө. Былтыр акцияга 45 миңге жакын киши катышкан. Акциянын катышуучуларынын жүрүшү "Жеңиш" аянтындагы түбөлүк отко гүл коюу менен аяктады.