Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара "Жеңиш" аянтында болду.
Бүгүнкү жай, тынчтык заманды камсыздаган ата-бабаларга урмат көрсөтүп, аянттагы өчпөс отко Президент Сооронбай Жээнбеков гүл койду.
Мамлекет башчы менен чогуу экс-президент Роза Отунбаева, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Парламент Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов баатырларга таазим кылышты. Гүл коюу расмисинен кийин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.