1939-жылы башталган Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 365 миңден ашуун адам катышкан. Алардын ичинен миңге чукул аял болгон. Согушта 160 миңден ашуун жоокер курман болгон.
Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек.
Буга чейин берилген маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет.