Жаңылыктар
Маршал Жуков үчүн атты параддык жүрүшкө даярдаган кыргыз жоокери
Кыргызстан жаңылыктары
Маршал Жуков үчүн атты параддык жүрүшкө даярдаган кыргыз жоокери

1945-жылдагы жеңишде токтогулдук Орозбек Мамыралиев маршал Жуков үчүн атты параддык жүрүшкө кантип даярдап берген?  Алгачкы Жениш парадын 1945-жылдын июнь айында өткөрүү чечими кабыл алынган. Сталин парадды баштап өтүү үчүн Жуковго ак  боз атты дайындоого тапшырма берген.


Бирок мындай улуу саамалык болгон парадды баштап өтө турган адамга тулпар тандоо оңой-олтоң болгон эмес. Советтер Союзундагы 148 жылкы заводундагы асыл тукумдар сындан өтүп. Каалаган тулпар Москвадан табылды деп эскерет ардагер Ороз Мамыралиев. Дал ушул биздин мекендешизге ак боз атты парадка даярдоо вазыйпасы жүктөлгөн.


Кезинде Жуков мыкты кавалерист болуп, жаш чагынан эле ат спорту боюнча көптөгөн таймаштарда жеңүүчү аталган. Тандалып алынган тулпарга көнүшү да оңой болбоптур.  Маршал өзү да мындай улуу саамалыкка кандай даярданса, минип өтө турган тулпары Кумир аттуу жылкыга да өзгөчө басык үйрөтүлүп, керектүү мезгилде токтогонду, ал эле эмес, аскердик техникадан үркпөй тургандай кылып үйрөтүшкөн.


Ороз Мамыралиев 1926-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. 1944-жылы кан майданга аттанып, Белорус, Чыгыш Пруссияны басып өтүп, кавалериялык окуу жайга бөлүнүп калат. Москвада билим алып жүрүп, ошол кездеги аскердик өзгөчө саамалыктарга катышкан жылкыларды даярдап калыптыр.