Жаңылыктар
Улуу Жеңиш күнүн утурлай студенттер параддан өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңиш күнүн утурлай студенттер параддан өттү

Дене тарбия жана спорт академиясынын жана окуу жайдагы аскерге чейинки даярдык факультетинин студенттери баскан салтанаттуу жүрүш, Жеңиштин 74 жылдыгына арналды. 

Окуу жай жетекчилигинин баамында мындай иш-чаралар жаштарды патриоттуулукка, мекенчилдике үндөйт. Ошондой эле кандуу майданга катышып, кийинки урпактардын келечеги үчүн жанын аябай салгылашкан биздин ата-бабаларыбыздын баскан изи эч качан унутта калбашы керектигин даңазалайт. 

Окуу жайдын бардык курсунун студенттери катышкан аскердик жүрүш, согуш талаасында баатырларча курман болгондорду эскерген ырлар менен коштолду.