Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата эртең өтө турган “Өлбөс полк” акциясына 60 миң адам катышат.Аталган акциянын жүрүшүнө төрт миңден ашык милиция кызматкерлери көзөмөл жүргүзөт.Иш чара Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып,Жеңиш аянтына чейин уланат.Учурда “Өлбөс полк”акциясын жогорку уюшкандыкта өткөрүү камылгасы көрүлүүдө.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.