Үч айда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында мамлекеттик бюджетке 50 млн сомго жакын акча түштү. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 7-майдан баштап Бишкектин көчөлөрүндөгү дагы тогуз кесилишинде көзөмөл камералары иштей баштады. Белгилей кетсек, долбоордун алкагында токсон стационардык жабдык жана жыйырма көчмө аппараттар иштеп жатат.
Алардын кырк экиси шаар ичинде болсо, калгандары Чүй облусунда. План боюнча, быйыл жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык аймактарына 314 көзөмөл камерасы орнотулат.