Жаңылыктар
Базардагы келишпестик
Кыргызстан жаңылыктары
Базардагы келишпестик

Өткөн жылы Ош базарында бир нече өрт чыккан. Тилсиз жоонун ириси “Берекет” соода түйүнүндө болгон. Кырсыктан кийин базар жетекчилиги ижарачыларды убактылуу көчүрүп, 9 ай аралыгында заманбап, чоң соода борборду тургузган. Ачылганына бир ай болгон борбордо соодагерлер орун-очок алууга жетишкен. Алардын көбү өрттөн жабыр тарткандар. Тилсиз жоонун кесепети эске алынып, коопсуздук эрежелери биринчи орунга коюлган. Ушул өңдүү соода комплекстен дагы бири Ала-Арча дарыясынын батыш капталындагы “Берекет-Универсал” базарынын ордуна курулмак. 

Бирок ижарачылар ордун бошотуп берүүгө каршы болууда. Базар жетекчилиги тарабынан бир нече жолу сатуучуларга түшүндүрмө берилген. Аны менен кошо ыңгайлуу шарттар дагы сунушталган. Долбоор боюнча 3 соода комплекси бири-бири менен жер үстүнөн байланышат. Жаңы курулчу имаратта эки деңгээлдеги 800 орундуу унаа токтоочу жай камтылган. Бул тыгын маселесин бир топ жеңилдетет. 

Талашка түшкөн жердин көбүн базар жетекчилиги көп жылга ижарага алган. Сатуучулардын келишими былтыр аяктаган. Ижараны алар быйылкы жылдын апрель айынын ортосуна чейин узартышкан. Чындай келгенде алар азыр бошотпой жаткан жерин мыйзамсыз ээлеп турганга эч кандай укугу да жок. Кандай болгон күндө дагы талаш-тартыш мыйзам жолу менен укук талаасында чечилиши абзел.