Жаңылыктар
Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өтө турган иш-чарага даярдык жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өтө турган иш-чарага даярдык жүрүүдө

Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы эртең белгиленет. Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өтө турган иш-чарага даярдык жүрүүдө. Ордо калаада 9-майдагы салтанат Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүлчамбар коюу менен башталат. 

Салт болуп калгандай эле Бишкек шаардык аскер гарнизонунун парады ошол эле Жеңиш аянтында өтөт. Муну менен катар аскер техникалары көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Андан соң чыгармачыл жамааттар концерттик программа тартуулайт. Ал эми ардагерлерге адаттагыдай эле аскердик ботко берилет. Мына ушул митинг-реквиемге Президент Сооронбай Жээнбеков да катышат.