Жаңылыктар
Жеңиш майрамына карата Бишкектин көчөлөрүнө чектөө киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңиш майрамына карата Бишкектин көчөлөрүнө чектөө киргизилет

Бишкекте "Өлбөс полк" акциясынын жүрүшүнө байланыштуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгында бир катар көчөлөргө чектөө киргизилет. Жүрүштүн катышуучулары саат тогуздан тарта Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишине чогулушат. Саат 10до Байтик баатыр, Абдрахманов көчөсү менен төмөн түшүп, Фрунзе көчөсүнө жеткенде "Жеңиш" аянтына кайрылып барышат. 

Мындан сырткары, Шопоков, Ибраимов көчөлөрүнө - Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыктарына дагы чектөө киргизилет. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызмат жарандарды альтернативдүү жолдорду алдын ала тандап алууга чакырат.