Жаңылыктар
"Коопсуз шаар": камералар ишке кошулду
Кыргызстан жаңылыктары
"Коопсуз шаар": камералар ишке кошулду

Бүгүнтөн баштап Бишкектин көчөлөрүндөгү дагы тогуз кесилиште “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көзөмөл камералары иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, жаңы камералар орнотулган кесилиштер Бөкөнбаев – Манас; Чүй – Манас; Чүй – Павлов; Жибек Жолу – Манас; Махатма Ганди – Боталиев; Ахунбаев – Байтик Баатыр; Жибек Жолу - Курманжан датка; Чүй – Абдрахманов; Байтик Баатыр – М.Горький көчөлөрүнүн кесилиштери. Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда.

Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт.