Жумгал районунун Куйручук айылында белгилүү коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Нурдин Сапаралиевди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Анда айылдын ортосундагы белгилүү инсандардын айкели турган жерге анын эстелиги тургузулуп, ачылыш аземи болду.
Бул Куйручук айылындагы мектептин бир бурчу. Анын дубалындагы тизилип, илинген сүрөттөгү аксакал согуштун ардагери Нурдин Сапаралиев. Бул жерди мектеп жааматы патриоттук бурч деп атап коюшкан. Анткени Сапаралиевдин коомго пайда келтирген жумуштары арбын.
Нурдин Сапаралиев 1922-жылы төрөлгөн. Жаштайынан тың, кайсыл иш болбосун идирекейи күчтүү болуп чоңоёт. Көп өтпөй майданга аттанып, согуш талаасынан эрдик көрсөтүп, мекенине кайтып келип, кайрадан элдин жашоосун жакшыркан иштерди арбын жасап, бир топ кызматта жетекчи болду. Анын жасап кеткен жумуштары ар дайым элдин жүрөгүндө.
Өсчү эл өткөнүн унутпайт демекчи Сапаралиевдин айкели өзү туулуп өскөн Куйручук айылында тургузулду. Баскан жолу жалаң ийгилик менен коштолгон ардагерди эскерүү иш-чарасына анын жакындары, балдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип катышты. Иши менен даңкталган Нурдин Сапаралиев убагында куйкум сөздүү Куйручук олуядан бата алган. Бул туурасында кыргыз санжырасында да бар.