Жаңылыктар
Кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

Кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат. Бул туурасында Ички иштер министрлиги эскертти. "Акыркы убакта мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар көбөйдү. 

Мындай билдирүүлөр коомдо резонанс жаратып, калкты адаштырат", - деп айтылат билдирүүдө. 

ИИМ интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды тараткандар Кылмыш жаза кодексинин "Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу" беренесине ылайык жазага тартылып, кара жумушка кесилет же 7 миң 500 сомдук айыпка жыгылат. 

Болбосо 2,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Министрлик буга окшогон фактыга күбө болгондорду "102" кызматы аркылуу ички иштер органдарына кабарлап коюуну өтүнөт.