Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө "Эрте келген турналар" жана "Саманчынын жолу" тасмалары көрсөтүлөт.
Фильмдерди 7-8-май күндөрү саат 15:00дө көрүүгө болот. Эки тасма тең жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повесттеринин негизинде тартылган.
"Эрте келген турналар" 1979-жылы, "Саманчынын жолу" 1967-жылы экранга чыккан. Тасмалар жогорку даражалуу сыйлыктарга ээ болгон.