Орозо айы 6-майда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
5-майда өлкө аймагындагы мечиттерде тарабих намазы окулуп, мусулмандар 6-май күнү таң эрте ооз бекитет. Мындай чечимди аалымдар кеңеши кабыл алды.
Муфтияттан быйыл дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө да мусулмандардын ыйык айы 6-майда башталаарын кошумчалашты. Эске салсак, былтыр Орозо айынын биринчи күнү 17-майга туура келген.