Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөдөгүдөй:
«Урматтуу мекендештерим! 5-май — эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө маанилүү күн. Мындан 26 жыл мурда, ушул күнү көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал жалпы адамзат баалуулуктарын туу туткан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мыйзамдуу пайдубалын түптөдү. Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу. Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди кыйшаюсуз аткаруу — сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили. Майрамыбыз кут болсун, урматтуу кыргызстандыктар! Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, жергебизге гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм. Кыргызстаныбызды Кудай колдосун!»