Жаңылыктар
Нарын облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 13 ардагери бар
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 13 ардагери бар

Нарын облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 13 ардагери бар. 

Алардын бири, Кеңеш айылынын тургуну, бир кылым өмүр сүргөн Асек Усубалиев бактылуу карылыкты көрүп жаткан убагы. 

Жашы жүзгө таяп калса да Асек аксакал күүлүү-күчтүү.
Жөн жатканда эмне кылам. Андан көрө минтип, малга көз салып, кыймылда жүрсөң сергек болуп, карылыкты жеңип турасың, - дейт ардагер.

Учурда ардагердин жашоосу жакшы. Небере, чөбөрөнүн жытына бөлөнүп, бактылуу карылыктын дооронун сүрүп жатат. 

Мен биринчи Белоруссияда болдум. Польшаны эркиндикке чыгарууда көптөгөн иштерди жасадык. Андай күндөр эч кайрылып келбесин. Тынчтык болсун дүйнөдө, - деп эскерди согуш убагын аксакал.

9-май бул үй-бүлө үчүн чоң майрам. Балдарынын куттуктоолоруна марыган чоң ата өзү айткандай бир жылга жашарып алат.

Асек ата көөдөнүнө кадалган майдандагы элестерди бир гана ыр саптарында эскерет. Бир маал калем кармап, ыр жазмай жайы бар. Ал саптарда өлкөнүн тынчтыгы, элдин ынтымагы - баа жеткис дөөлөт экени айтылат.