Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин кезектеги жыйналышы өттү. Жыйналышта Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыккан иш-чаралардын планынын долбоору жактырылып, мындан ары жыйындарды өткөрүү менен бекитилген планды ишке ашыруу боюнча үзгүлтүксүз тиешелүү иш жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 5-апрелинде «Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол коюп, Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлгөн. Уюштуруу комитетинин курамы Президенттин жана Өкмөттүн аппараттарынын, мамлекеттик органдардын, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун туугандарынын, жабыр тарткандардын, катышуучулардын жана Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлүп, жалпы 36 мүчөдөн турат.
Уюштуруу комитетинин төрагалыгына Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев бекитилип, төраганын орун басарлыгына Өкмөттүн Аппарат жетекчиси — министр Шамиль Асымбеков жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бекитилген.