Кан майданда фашисттерге каршы күрөшүп, эл-жери үчүн курман болгон баатырларыбыздын эрдиги жана тылда иштегендердин эмгеги эч качан унутулбайт жана урпактарга үлгү катары сакталат. Буга байланыштуу 9-май Улуу Жеңиш күнүн утурлай Президенттин буйругу чыкты. Ага ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине кошумча бир жолку төлөнүүчү социалдык колдоо көрсөтүлдү. Ошол эле учурда бир жолку акчалай сыйлыктар Өкмөт жана Бишкек шаардык мэриясы тарабынан да берилет.
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Жеңиштин 74 - жазын майрамдайт. Беш жыл бою азаптуу күндөргө, жоготууларга карабай фашисттик баскынчылар менен кашык каны калганча салгылашкан ардагерибиз ушул бейпил турмушту тартуулады.
Алардын бири согуштун ардагери 97 жаштагы Касымалы Осмонов. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн "Жуков" медалы, "Праганы бошоткондугу үчүн" "Берлинди алгандыгы үчүн" жана мааракелик медалдар менен сыйланган. 1942-жылы он сегиз жашында кан майданга аттанган Касымалы Осмонов Алматыда атайын даярдыктан өтүп, Орусияга барып Волхов фронтуна катышып, андан Украина, Белоруссияны бошотуп, Прага, Берлинге чейин барып жеңишти Берлинде белгилеген.
Тилекке каршы жыл өткөн сайын Касымалы Осмонов сыяктуу эл-жери үчүн фашисттерге каршы күрөшүп келген ардагерлерибиздин арасы суюлуп барат. Учурда Кыргызстан боюнча согушка катышкан ардагерлердин саны 344. Мындан улам Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 20 миң сомдон кошумча бир жолку төлөнүүчү социалдык колдоо көрсөтүлдү. Бир жолку акчалай жөлөкпул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төмөнкү категорияларына бөлүндү:
Мындан тышкары Жеңиш күнүнө карата согуштун ардагерлерине Өкмөт тарабынан 15 000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул берилет. Ошону менен бирге Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан да согуштун ардагерлеринин ар бирине 15 000 сомдон бир жолку төлөнүүчү жөлөк пул төлөнөт.
Муну менен катар 2010-жылдан бери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын 7000 сом өлчөмүндө акчалай кенемде төлөнүп берилет жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү үчүн өмүр бою берилүүчү Президенттин стипендиясы да төлөнүп келет. Анын өлчөмү ай сайын 10 миң сом.