Кыргызстан элинин Ассамблеясына 25 жыл болду. Бул датага арналган мааракелик иш-чара мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өттү. Анда чейрек кылым аралыгында өлкөдө элдин биримдигин, улут аралык мамилени чыңдоого багытталган иш аракеттер, алдыга коюлган максаттар тууралуу кеңири ой-пикирлер айтылды. Бир катар диаспора өкүлдөрү президенттин энчилүү сааты менен сыйланышты. Кыргызстан менин мекеним деген карачай тилинде деле ушундай болот.
Фатима Байрамкулова борбор калаадагы мектептердин биринде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенет. Улуту карачай. Кыргыз, орус жана карачай тилдеринде эркин сүйлөйт. Айтымында 46 жылдан бери балдарды тарбиялап, мекенди сүйүүгө үйрөтүп келет.
Айтымында, Кыргызстанда карачай улутунан 1700дөй үй-бүлө жашайт. Кылымдардан бери кыргыз эли менен камыр жумур болуп жашап, каада салт, маданиятта көп деле айырма жок дейт. Мына ушул ар улуттун башын бириктирген Кыргызстан элинин Ассамблеясына 25 жыл толду.
Расмий 25 жыл болгону менен, анын тарыхы өтө терең. Сексенден ашык улуттун өкүлдөрү кыргыз жергесинде кылымдар бою, элдердин биримдигин туу тутуп жашап келишет. Биздин бир гана мекенибиз бар, жана ал - Кыргызстан. Мына ушундай ураан ар бир жарандын жүрөгүндө жашаса гана, биз келечекте жаркын мамлекетти кура алабыз деп ишеним менен айтсак болот.
Иш-чаранын расмий бөлүгүнө бүтүндөй өлкө аймагынан 250дөн ашык делегат келген. Кыргызстанда бардык улуттун өкүлдөрүнүн диаспорасы болбосо да, көпчүлүк бөлүгүнүн коомдук бирикмелери иштеп келет. Ассамблея 1994-жылдын май айында түптөлүп, расмий ишке киришкен. Ошол кезде биринчи кезектеги милдет тынчтык туруктуулук болгон, мына олкобуздун эгемендигине 27 жыл болуп атат, ассмблеяга болсо 25 жыл толуп отурат.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жыйырма беш жылдык мааракеси менен куттуктап, коомдук уюм чейрек кылымдан бери иш алып келе жатканын, ал эми элдердин жалпы тарыхы, бир тагдыры кылымдарды карытып келатканын белгиледи.
Кыргызстан элинин Ассамблеясын түзүүгө убагында көптөгөн жагдайлар себеп болгон. Советтер союзу жаңы кулап, эл бириндеп турган. Социалдык экономикалык абал курчуп турган эле. 90-жылдардагы Кыргызстанда болуп өткөн каргашалуу окуялар да өз таасирин берген. Президент Ассамблеянын чейрек кылымда аткарган иштер баа жеткис деп баса белгиледи. Президент элдердин биримдигин, кыргыз жараны деген иденттүүлүктү калыптандыруу маселеси 2040-жылга чейин кабыл алынган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында да камтылганын белгиледи. Бул багытта жасала турган иштерди тизмектеп өттү. Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кепили - элдердин биримдиги экенин баса белгиледи.
Иш-чарада ардактуу мейман катары чакырылган Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын элдер ассамблеясынын өкүлдөрү сүйлөштү. Элдердин биримдигин чыңдоо бир гана өлкө ичинде эмес, чет мамлекеттер менен алака түзүү да актуалдуу маселе.
Биз Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен тыгыз иш алып барып келатабыз. Кыргыз тарап жакында биз сунуштаган Евразия элдеринин биримдигин түзүү сунушубузду колдоп беришти. Бул өлкө ичинде гана эмес, аймакта жана бүтүндөй дүйнө жүзүндө тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жасалган аракет. Биздин демилгелерди президент жеке өзү колдоп келатканы да бизди кубандырат.
Кыргызстан элинин Ассамблеясы ар улуттун өкүлдөрүнүн диаспораларынан турат. Алардын негизги максаты- элдердин биримдиги, улут аралык алаканы чыңдоонун үстүндө талбай иштеп, өнүккөн Кыргызстанды курууга салым кошуу.
Иш-чарага мамлекет башчынын өзүнүн катышып жатканы - улут аралык мамилелерге өзгөчө көңүл буруп жатканынын белгиси. Биз Кыргызстан деген чоң үй бүлөбүз. Ар бир улутта маданият, интелект, сапат жана жоопкерчилик жогору болгондо гана ийгиликке жетебиз. Биз өзбек диаспорасы көп тилдүүлүктү өнүктүрүү, балдарды аскерге жөнөтүп тарбия сыяктуу бир катар демилгелерди ишке ашырып жатабыз.
Татарлардын Сабантуй, кыргыз, казак, өзбектердин Нооруз майрамын калтырбай өткөрүп келе жатабыз. Мунун баары элдердин биримдигин чыңдоо максатында жасалып жатат.
Кыргызстанда расмий сексенден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар коомдогу социалдык-экономикалык, саясий, маданий- гуманитардык багыттагы бардык иш-чараларга активдүү катышып, элдердин биримдигин чыңдоого чогуу салым кошуп келишет.